«Көчөнү жылытууну» жана мешке
«акча жагууну» кантип токтотуу керек?

Терезеден карга айланып жаткан күзгү жамгырды көргөн дээрлик ар бир жеке турак жайдын ээси бул суроону өзүнө берет. Жооп үйдүн сыртында жатат… тагыраак айтканда, анын дубалдарынан, терезелеринен, чатырынан, эшиктеринен көрүнүп турат. Эгерде сиз үйдүн негизги ушул бөлүктөрүн жылуулап чыксаңыз, анда каражат үнөмдөөгө, жылуулукка жана жайлуулукка кепилдик берилет! 

Эске тутуу маанилүү, үйдү муздак абадан жана шамалдан ичинен гана эмес, сыртынан дагы коргоо керек!

!

Статистика боюнча турак жайда жылуулук жоготуу дубалдар аркылуу 15%, терезелер жана эшиктер аркылуу 15%, чатыры жана желдетүү тутуму аркылуу 25%, пол аркылуу 10% түзөт. Ушул көйгөйлөрдү толук жоюу сиздин үй-бүлөлүк бюджетти 40% чейин үнөмдөйт.

Акча үнөмдөөдөн тышкары, жылууланган үй дагы көптөгөн артыкчылыктарга ээ болот:

анын жардамы менен бөлмө ичинде ылайыктуу микроклимат сакталат. Сизге жылуулук тутуму же жылуулук булагы камсыздаган эң жогорку температураны колдоо гана керек. Кээде үнөмдөө үчүн аларды өчүрүү дагы керек болот. Бирок андан коркуунун кереги жок – анткени жылууланган үй шашпай муздайт жана тез жылыйт.

меш же жылытуучу от казан. Жылууланган үйдө сиз эң төмөнкү энергия кубаттуулугундагы жылыткыч түзүлүштү колдоно аласыз. Мындай жылыткычтардын баасы дагы алда канча арзан турат.

Дубалдар жылуулук жакшы сактайт жана үй бир нече кабаттан турса, анда алар дагы жакшы жылытылат. Жылууланган үйдө жайкысын үп жана ысык болбойт.

Жылуулоонун көп кабат тутуму сиздин турак жайдын жашоого жарактуулук мөөнөтүн узартууну кепилдейт.

Сиз билчү
белеңиз…

0 %
бардык өтмө шамал шып, дубал жана пол аркылуу
0 %
желдетүү көзөнөктөрү, түтүктөр, аба жүрүү жолдору аркылуу
0 %
желдетүү көзөнөктөрү, түтүктөр, аба жүрүү жолдору аркылуу
0 %
камин мору аркылуу
0 %
терезелер аркылуу
0 %
эшиктер аркылуу
0 %
электр розеткалары аркылуу өтөт

Сиздин үй жылууланган шартта жогоруда саналып өткөндөй бардык жакшы касиеттерге ээ болоорун ойлонуп жана эске алдыңыз жана жылуулоо боюнча ишти баштоону чечтиңиз. Тажрыйбалуу усталар айткандай, «баарына бирдей калыңдыктагы жылуулагыч болбойт», андыктан ар бир үйгө жекече мамиле, материал жана бюджет керек


Үйдү жылуулоого жумшалчу чыгымдарды саноо үчүн биздин калькуляторду колдонуңуз.

Ошентип смета сиздин колуңузда!

Эми сизге квалификациялуу устаны табуу калды, аны менен сиз үйдү жылуулоонун материалдарды тандоодон жана сатып алуудан тартып, иштөө сапатын текшерүүгө чейинки бүткүл жолун чогуу басып өтөсүз. Ал эми белгилүү болгондой, жакшы устаны табуу үчүн күндүз чырак менен издөө керек. Бирок биз маселенин ушул жагын дагы караштырып көрдүк, андыктан сизге ар бир аймакта үйлөрдү жылуулоо технологиясы жаатындагы кесипкөй адистердин маалымат базасын топтоп койдук. Сиз уста менен түз байланышып, жолугуп, иштин майда-чүйдөсүн жана бюджетин сүйлөшүп аласыз жана андан соң өзүңүздүн турак жайды энергия натыйжалуу, үнөмдүү жана экологиялык таза үйгө айлантуу ишин баштай берсеңиз болот.

Токтосун

Турак жайды жылуулоо боюнча адис

Кызыл Суу а.,
Жети-Өгүз р-н,
Ысык-Көл обл.


996(707)110959


Жаныбек

Турак жайды жылуулоо боюнча адис

Саруу а.,
Жети-Өгүз р-н,
Ысык-Көл обл.


996(700)752402


Табалды

Турак жайды жылуулоо боюнча адис

Кайынды Булак а.,
Ак-Талаа р-н,
Нарын обл.


996(559)471155


Сайт разработан ОФ CAMP Алатоо при поддержке Foundation PVSyst в рамках проекта PROMEE • г. Бишкек. Переулок Уфимский, 3 • secretary@camp.kg​